Бишкектин Эркиндик бульварында мыйзамсыз соода түйүндөрү алынат

Бишкектин Эркиндик бульварындагы мыйзамсыз сооданы масштабдуу түрдө демонтаждоо иштери башталат.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү кызматтар тарабынан соода түйүндөрү, электр жарыгына мыйзамсыз уланган жайлар алынат, коомдук тартиптин күнү-түнү сакталышын укук коргоо органдары да көзөмөлдөйт.

Ошол эле учурда Эмен сейил багынын аймагына балдар аянтчасы көчүрүлөт.

"Ал эми шаардыктар үчүн дагы бир белек - жаңыланган Эмен паркы болмокчу. Демөөрчүлөрдүн эсебинен сейилбак көрктөндүрүлүп, сырткы айкелдердин жарыктандыруусу жаңыртылып, таманташ жана отургучтар алмаштырылды", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД