ЖРТ тапшырууга үлгүрбөй калгандарга кошумча тест уюштурулат

Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) үлгүрбөй калгандарга кошумча тест уюштуруларын Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Быйыл жалпы республикалык тестирлөө 24-майдан 28-майга чейин өткөрүлдү. Ар кандай себептер менен белгиленген мөөнөттө катыша албай калгандар үчүн 24-25-июнь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында тест өткөрүлөт.

Ал эми тестке каттоо 15-23-июнь күндөрү төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:

• Бишкек шаарында - №24 мектеп-гимназиясында: Тыныстанов көчөсү, 110;

• Ош шаардык билим берүү бөлүмүндө, Ош шаары, Ленин көчөсү.

Эскертүү: 2022-жылы жалпы республикалык тестирлөөдөн четтетилген (дисквалификация болгон) абитуриенттердин каттоодон өтүүгө укугу жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД