Лейлекте аткезчилик жолу менен ташылып келген коон аныкталды

Лейлекте аткезчилик жолу менен ташылып келген коон аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Кольцо" стационардык постунда Лейлек районунун Кулунду айылынан Раззаков шаарына келе жаткан А.Э.А. аттуу КР жаранынын башкаруусундагы "Опель" үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Бирок, айдоочу унааны токтотуу талабына баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылган. Унаа токтотулуп, айдоочуга карата административдик протокол түзүлгөн. Унааны текшерүүдө Тажикстандан мыйзамсыз алынып келген 250 даана коон чыккан.

Тиешелүү чараларды көрүү үчүн унаа жүгү менен бирге бажы органдарына өткөрүп берилген.

Азыркы учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД