Нарында 71 жаштагы карыяны бычак менен сайып өлтүргөн деп уулу кармалды

Нарында өз атасын бычак менен сайып өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 7-июнь күнү саат болжол менен 14:30 чамасында Нарын районунун Алыш айылынын тургуну 1975-жылы туулган К.Т. өзүнүн үйүнөн атасы 1951-жылы туулган К.Э. бычак менен сайып, денесине жаракат келтиргенин Нарын облустук ооруканасынан билдиришкен.

Окуя болгон жерге Нарын РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган: 2022-жылдын 7-июнь күнү саат 13:30 чамасында Нарын районунун Алыш айылынын тургуну 1975-жылы туулган К.Т. эшиктен мас абалында үйүнө кирип келип, жубайы менен уруша кеткен. Келинине болуша кеткен атасын жаран Т.К. жүрөк тушунун ылдый тарабына бир жолу сайып жибергендиги аныкталган. Натыйжада шектүүнүн атасы К.Э. денесинен алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болуп калган. Бирок окуя болгон жерден шектүү изин жашырып качып кеткени маалым болгон.

Аталган факты Нарын РИИБи тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Нарын ОИИБдин жана Нарын РИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен жаран Т.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул факты боюнча Нарын РИИБи тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД