МАИнин кызматтык унаасынын үстүнө чыгып секирген деп 2 өспүрүм кармалды

Ноокатта жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматтык унаасынын үстүнө чыгып секирген өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 6-июнь күнү Ноокат шаарында жайгашкан "Апсатар ажы" кафесинин жанында токтоп турган Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө таандык мамлекеттик белгиси 01KG610MD, Рено Логан үлгүсүндөгу кызматтык автоунаасынын алдынкы капотуна, белгисиз жаран үстүнө чыгып секирип жаткан видеосу тараган.

Иликтөө учурунда алар Ноокат районунун тургундары 16 жаштагы Ж.Е. жана 17 жаштагы К.М. экендиги аныкталып, бул окуя майда бейбаштык беренеси боюнча Ноокат РИИБде катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 74-беренеси жана 126-беренеси менен айып протоколдору толтурулуп сот органдарына жөнөтүлдү. Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан балдарга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД