Бишкектин Биринчи май районунда батуттарга тыюу салынат

Борбор калаанын Биринчи май районунда 20-июндан баштап батуттарга тыюу салынат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта сейил бактардагы балдар ойноочу батуттар биринчи кезекте бөбөктөрдүн жана алардын ата-энелеринин коопсуздугуна чоң коркунуч туудурары айтылат.

20-июндан баштап Биринчи май районундагы сейил бактарда, скверлерде, тротуарларда, бульварларда батуттарды колдонууга толук тыюу салынат.

"Батуттарды жабык же адистештирилген жайларда, ири соода борборлорунда жана оюн-зоок парктарында гана орнотууга туура келет", - деп кошумчалашты мэриянын басма сөз кызматынан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД