Ири өлчөмдө баңгизатын сатууга аракет кылган чет элдик жаран кармалды

Кыргызстандын аймагында ири өлчөмдө баңгизатын сатууга аракет кылган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Н.К.М. аттуу чет элдик жаран жалпы салмагы 2,98 кг болгон гашишти сатууга аракет жасаган.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД