Кыргызстанда түрк тасмаларынын жумалыгы өтөт

Кыргызстанда алтынчы түрк тасмаларынын жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жумалык 16-20-июнь күндөрү өтүп, "Арноо – Ыйык күрөш", "Сүйүү айттырбай келет", "Үнсүз дарак", "Ичимдеги каарман" жана анимациялык "Стамбулдун сакчылары" аттуу фильмдер кино сүйүүчүлөргө акысыз көрсөтүлөт.

Жумалыктын ачылышы кино жана басма сөз ишмерлеринин катышуусунда 16-июнда Россия кинотеатрында "Арноо – Ыйык күрөш" тасмасын көрсөтүү менен башталмакчы.

"Түрк тасмалары жумалыгында кесипкөй режиссерлордун сыйлык алган эмгектери менен бирге кино сүйүүчүлөрдүн кызыгуусун жараткан популярдуу тасмалар жалпы көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат", - деп айтылат маалыматта.

Жумалыктын алкагында искусство адамдары менен көрүүчүлөрдүн жолугушуу өтүп, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенттери менен түрк киносу боюнча баарлашуу өткөрүлөт.

Ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын кино тармагында эмгектенген адамдары ортосунда жолугушуулар өткөрүлүп, орток эмгектерди жаратуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана баарлашуулар орун алмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД