16-июндан тарта борбор калаада ысык суу бериле баштайт

Бишкекте ысык сууну 16-июндан тарта берүү пландаштырылууда. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Ишканадан белгилешкендей, кошумча маалымат кийинчерээк берилет.

Белгилей кетсек, ысык суу быйыл 16-майда өчүрүлгөн.

Ысык суу түтүктөрдү оңдоо жана жылуулук берүү сезонуна даярдык көрүү максатында жыл сайын өчүрүлөт.

Эске салсак, былтыр суу 17-майдан 17-июнга чейин өчүрүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД