"Ала-Тоо" аквапаркындагы окуяга байланыштуу мектеп директору иштен алынды

"Ала-Тоо" аквапаркындагы баланын өлүмүнө байланыштуу № 95 мектептин директору Айгүл Шимова иштен алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аквапарктагы окуяга байланыштуу мэрия тарабынан түзүлгөн комиссия 9-июнда өз ишин аяктаган.

"Мектеп директору Эмгек кодексинин 83-беренеси (Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу) менен иштен алынды. Окуу-тарбия процессине талаптагыдай көзөмөл болбогондугу жана мектептин иш тартибин бузгандыгы үчүн мугалимдердин жана мектеп администрациясынын дисциплинардык жоопкерчилиги белгиленген. Андан тышкары, жазган арызынын негизинде 6 мугалим иштен алынды, иш берүүчүнүн демилгеси менен директордун 2 орун басары ээлеген кызматынан бошотулду", - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Назгүл Лосникова каза болгон баланын апасы менен жолугуп, муниципалитет тарабынан үй-бүлөгө социалдык кызматкер дайындалды.

Бардык керектүү документтер түзүлүп, юридикалык жардам жана транспорт менен камсыздалып, тергөөгө жардам көрсөтүлөт.

Учурда укук коргоо органдары бул иш боюнча сотко чейинки кароону (тергөө) жүргүзүүдө, ал аяктагандан кийин тиешеси бар адамдардын кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө толук маалымат берилет.

Бишкек шаарынын мэриясы баланын өлүмүнө жол берген жооптуу адамдарды аныктоо, ошондой эле мындай жагдайларды болтурбоо максатында бул ишти иликтөөгө ар тараптуу жардам көрсөтүп келет жана мындан ары да көрсөтө берет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД