Милиция жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Логистикалык ишканалардын өкүлдөрү менен оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 10-июнунда ИИМдин БМЖКККнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын демилгеси менен кинология борбору менен биргеликте "Жибек Жолу" ЖЧКсынын аймагында логистикалык ишканалардын өкүлдөрүнүн жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Өз сөзүндө Бишкек шаары боюнча БМЖКККнын башчысы, милициянын подполковниги И. Сагыналиев унаасындагы жүккө айдоочу жооптуу болгондуктан, айдоочуларга жүктү жүктөөдө этият болууну эскертти. Алардын көңүлүн аткезчилик боюнча жоопкерчилик каралган Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренесине буруп, аларга карата бажы чек арасы аркылуу өткөрүүнүн өзгөчө эрежелерин түшүндүрүп берди. Мындан тышкары, маектешүү учурунда жүк ташуучу унаалардын айдоочулары коңшу мамлекеттердин аймагында өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат менен кармалганын мисал катары айтып берди.

Баарлашуунун жүрүшүндө айдоочулар кызматтын компетенциясына байланышкан ар кандай суроолорду берип, аларга башкармалыктын жетекчиси жооп берди.

Түшүндүрүү иштеринин соңунда шектүү жүктөр тууралуу маалымат түшкөн учурларда Кызматка кабарлап туруу үчүн байланыш телефондор калтырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД