Россиядагы кыргызстандыктар үчүн маалыматтык чат-бот ишке кирди

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Telegram платформасы аркылуу консулдук маселелер боюнча байланышты жакшыртуу максатында "Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин робот-консультанты" маалыматтык чат-ботун ишке киргизди. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Элчиликтин виртуалдык жардамчысы жарандарга консулдук кызматтарды алуу тартиби боюнча мамлекеттик жана расмий тилдерде консультация алууга автоматтык түрдө мүмкүндүк берет.

Атап айтканда, төмөнкү маалыматтар жеткиликтүү болот:

• Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн дареги жана иш тартиби;

• Кыргызстандын паспортун берүүнүн тартиби;

• Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруунун тартиби;

• Кыргызстанга кайтып келүү үчүн күбөлүк алуунун тартиби;

• консулдук маселелер боюнча алдын ала жазылуу тартиби жана башка суроолор.

Ошол эле учурда элчилик консулдук бөлүмүнүн ишмердүүлүгү тууралуу жана консулдук-укуктук маселелер боюнча актуалдуу маалыматтарды берүү үчүн расмий Telegram-каналы ачылууда. Элчиликтин телеграм каналына төмөнкү шилтеме боюнча жазылса болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД