"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы тарабынан отканаларды келерки жылытуу мезгилине даярдоо иштери жүрүп жатат.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы 10-кичирайондо жана сүт ашканасында жайгашкан отканаларда масштабдуу реконструкциялоо жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле калган отканаларды оңдоо иштери уланууда.