Лейлекте милиция мектеп бүтүрүүчүлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Милициянын көчмө кабылдамасы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Булд тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери өздөрү тейлеген аймактардагы мектеп окуучулары жана алардын ата-энелери менен жолугушуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Учурда мамлекеттик экзамен тапшырып жаткан 9-класстын жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө жана алардын ата-энелерине коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка барбоо, өз алдынча кафе-ресторандарда иш-чараларды белгилебөө, ата-энелеринин коштоосуз тоолорго чыгууга тыюу салынгандыгын эскертишүүдө.

Жолугушууда мектеп окуучулары өз алдынча тыюу салынган жерлерге сууга түшпөө, түнү максатсыз өз алдынча көчөдө жүрбөө, бул багытта ата-энелердин жоопкерчилиги чоң экендиги боюнча түшүндүрүү иштерин өткөрүштү.

Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Б.Набиев, Хамза, Достук, Кыргызстандын 60жылдык атындагы орто мектептеринин 9, 11-класстын окуучулары менен жолукту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД