Милиция "Манас ордодо" тейлөө көрсөткөндөргө түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Талас РИИБдин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Манас ордо улуттук комплексинде профилактикалык иштерди алып барышууда. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, туристтик сезонго карата туристтик аймактарда коомдук коопсуздукту сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Талас ОИИБи тарабынан буйруктар иштелип чыгып, анын негизинде туристтик сезонго байланыштуу тиешелүү чараларды көрүү тапшырмалары берилген.

Талас районунда жайгашкан "Манас ордо" улуттук комплексине чет өлкөдөн жана башка аймактардан туристтер байма-бай келип турушат. Милиция кызматкерлери ошол комплексте иштеген жана тейлөө көрсөткөн жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ар бир келген жаранга меймандостукту, жогорку маданиятты көрсөтүү керектиги жана аларга жакшы таасир калтыра тургандай мамиле кылуу керектиги айтылды.

Ошондой эле, коноктор менен дагы жолугуулар болуп, аларга укуктары жана коомдук жайда жүрүү эрежелери эскертилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД