Кадамжайда милиция сууга түшкөн балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Кадамжай районунда милиция кызматкерлери сууга чөгүүнүн алдын алуу боюнча жаш өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунун аймагында балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жайкы каникул мезгилинде кароосуз калган көлмөлөрдө, агыны шар аккан каналдарда, арыктарда өз алдынча сууга түшүп жүргөн жаш өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Кадамжай РИИБнин кызматкерлери кооптуу суулардын айланасына атайын эскертүүлөрдү чыгарып илип, кооптуу суулардын боюнда жашаган үй-бүлөлөрго эскертүү актыларын берүүдө.

2022-жылдын 5 ай ичинде Кадамжай районунун аймагында жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү фактысынан экөө катталып, 2 жаш өспүрүм каза болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД