Милиция сууга чөгүүнүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүүдө

Кызыл-Кыяда милициянын көчмө кабылдамасы сууга чөгүүнүн алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя ШИИБнин балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жайкы каникул мезгилинде жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо максатында кароосуз калган көлмөлөргө, терең бассейндерге сууга чөгүүнүн алдын алуу боюнча эскертмелерди илип жатышат. Кооптуу жерде жашаган тургундарга жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча 15 эскертүү актылары берилди.

Ошондой эле күндүн ысыгында өз алдынча сууга түшкөн жаш өспүрүмдөргө коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жыл башынан бери Кызыл-Кыя шаарында жаш өспүрүмдүн сууга чөккөн фактысы катталган эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД