Красноярск шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылды

Красноярск - Бишкек - Красноярск багыты боюнча жаңы туруктуу авивакаттам ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-июнда Бишкекке биринчи каттам менен 85 жүргүнчү учуп келди, ал эми Красноярскиге 78 адам учуп кетти.

Каттам жумасына 3 жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Учуунун убактысы 3 саат 30 мүнөт.

Аталган багыт боюнча авиакаттамдарды "Россия" авиакомпаниясы аткарат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД