Баткенде орто курактагы жарандарга волейбол уюштурулду

Баткенде орто курактагы жарандарга волейбол уюштурулду. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Бороновтун демилгеси менен Баткен облусунун аймагында жашаган 45 жаштан жогорку жарандарга волейбол оюну өткөрүлдү.

Кадамжай, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларынын жана Кадамжай, Баткен, Лейлек райондорунун спорттун волейбол түрүнө кызыккан жашы 45 жаштан жогорку жарандар Баткен шаарында волейбол оюнуна катышты.

Бул демилге милиция кызматкерлери менен жөнөкөй жарандардын ортосундагы мамилени чыңдоо, ошондой эле калк арасындагы кызматташтыкты жакшыртуу максатында уюштурулуп, оюнга жалпысынан 8 команда катышты.

I орунга Баткен I, II орунга Кадамжай, III орунга Баткен II, IV орунга Чоң-Гара командалары ээ болушуп, кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД