Ажылыкка баруучу зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге жөнөп кетти

Бүгүн кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге жөнөп кетти. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, зыяратчылар Сауд Араб Падышачылыгынын ыйык Медина шаарына сапар алган алды.

"Бүгүн 405 жаран ажылык ибадатын аткаруу үчүн жөнөп жатса, аларды 8 ажы башчы жана штаб жетекчиси, дарыгерлер коштоп кетти", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандан ажылыкка 2766 адам барат. Зыяраттын баасы 4500 доллар деп эсептелген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД