Министрлик: "Мугалимдердин узартылган эмгек өргүүсү 56 күн"

15-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө" №320 токтомго кол койду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин социалдык жактан корголушун жогорулатуу үчүн Министрлер кабинети менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгын белгиледи.

Ага ылайык, өргүүнүн узактыгы мугалимдер жана окутуучулар үчүн 56 күн. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД