Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыкты

Коррупцияга шектелип кармалган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын жактоочусунун билдиргенине таянып айрым басылмалар жазып чыгышты.

Эске сала кетсек, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалган. Башкы прокуратура министрге карата жети кылмыш ишин козгогон. Ал соттун чечиминин негизинде УКМКнын СИЗОсуна киргизилген болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД