Кайгуул милициясында 5 айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгында беш айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызмат башкармалыгында башкармалыктын башчысы Алмазбек Исаков жана орун басарлары, бөлүм башчылары жана полктун командири жана рота саркерлеринин катышуусунда ыкчам кеңешме болуп өтүп, төмөнкү маселелер каралды.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан беш айдын ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 142 777 Укук бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулуп, 62мл. 074миң 790 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.

Алардын ичинен :

- Авто унаага тийиштүү документтери жок айдоо 907;

-Мас абалында авто унаа башкаруу 1320;

- Авто ээнбаштык 25;

-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо 373 ;

-Жасалма же жалган мамлекеттик номурлар менен авто унаа башкаруу-34

-Коопсуз курун тагынбай авто унаа башкаруу 36 510;

-Токтоо эрежелерин бузуу. Тыю салынган жерлерде авто унааларды токтотуу 77 112;

Жөө жүргүнчүлөрдүн жана велосипедчендердин жол эрежесин бузуусу 8151;

- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары 18 345;

- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 10 436 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Ошондой эле 5 ай ичинде кайгуул кызматы тарабынан "102" линиясы боюнча 25 692 чакыруулар ыкчам жана сапаттуу тейленген. Алардын ичинен;

-Жакынкы милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген жарандар 7649;

-"Коломто" муниципалдык жайына жеткирилгендер 477;

-Тилемчилик 136.

Ыкчам кеңешмеде мындан башка да аныкталган кылмыштар, жол кырсыгынын алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча маселелер каралып, жетекчилик тарабынан тийиштүү бөлүмдөргө тапшырмалар коюлду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД