Ысык-Көлдө милиция көлдөгү торлорду тазалоого жардам беришүүдө

Ысык-Көл облустук милиция кызматкерлери көлдүн түбүн тиричилик таштандыларынан жана балык уулоочу торлордон тазалоого жардам беришүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИбдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери көлдүн түбүн тиричилик таштандыларынан жана балык уулоочу торлордон тазалоодо "Таза Ысык-Көл" коомдук фондуна көмөктөшүүдө.

14-июндан 15-июнга чейин Түп районунун Николаевский булуңунда, Балбай, Күрмөнтү жана Фрунзе айылдарына жакын жерде тазалоо иштери жүргүзүлдү. "Таза Ысык-Көл" коомдук фондунун суучулдары жана милиция кызматкерлери эки күндүк иш учурунда көлдүн түбүнөн узундугу 3000 метрге жеткен синтетикалык балык уулоочу эски торлорду жана 12 кап өлчөмүндөгү желим бөтөлкөлөрдү алып чыгышты. Чогулган таштандылар кайра иштетүү үчүн Балыкчы шаарындагы жеке ишканага өткөрүлүп берилди.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери белгилегендей, элдин кайдыгерлиги Ысык-Көлдүн экологиясынын бузулушуна алып келе жатат. Эс алуучулар көп таштандыларды таштап кетишет, ал эми жергиликтүүлөр балык кармагандан кийин торлорду тазалабай, көлгө ыргытып жиберишет. Мунун баары көлдүн экосистемасынын табигый процесстерин бузат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД