Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз милдетин аткарууга киришти, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгон.
"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелеринин негизинде башкы прокурор Зулушев Курманкул Токторалыевич үстүбүздөгү жылдын 16-июнунан тарта өзүнүн кызматтык милдетин аткарууга киришти", - деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.
Ошондой эле, аталган тескеме менен мамлекет башчысынын 2022-жылдын 3-июнундагы тескемесинин 2-пункту күчүн жоготту деп табылды.