Сот Алмазбек Атамбаевди эки кылмыш иши боюнча актады

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бүгүн, 16-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Түркиянын 10 жаранына жарандык берүү жана Калыс-Ордодогу мектепти курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу актады.

Судья чечимди окуп жатып, күбөлөр жана чиновниктердин бири дагы Атамбаевди коррупцияга же кызматтык ыйгарым укуктарын атайылап пайдаланды деп айыптаган көрсөтмө бербегенин айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД