Жаңы окуу жылы кайрадан 1-сентябрда баштала турган болду

Кыргызстанда 2022-2023-окуу жылы 1-сентябрдан башталат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өзүнүн Facbook`тагы баракчасына жазды.

Эскерте кетсек, 2021-22-окуу жылы 15-сентябрда башталып, 9-июнда аяктаган.

Буга чейин министрлик жарандардын кайрылуусун эске алып, 2022-2023-окуу жылын 1-сентябрга кайтаруу маселесин карап жаткандыгы маалымдалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД