Жол кырсыгынан кийин кетип калган маршрутканын айдоочусу аныкталды

Кайгуул кызматынын издөө бөлүмү тарабынан жол кырсыгынан кийин кетип калган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 15-июнунда болжол менен саат 15:30 чамасында Ахунбаев жана Байтик–Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Анда велосипед менен бара жаткан жаранды бир багытта бара жаткан №132-маршурттук унаанын айдоочусу туура эмес жерден жүргүнчүлөрдү түшүрүп, жол кырсыгына себепкер болгон. Айдоочу окуя болгон жерден кетип калган.

Бул боюнча велосипед айдаган жаран кайгуул кызматына арыз менен кайрылган.

Жазылган арыздын негизинде кайгуул кызматынын издөө бөлүмү издеп табуу иш-чараларын жүргүзүп, жол кырсыгына себепкер болгон №132-маршурттук унаанын 1983-жылы туулган М.М. аттуу айдоочусун таап, Тергөо кызматына өткөрүп берген.

Азыркы учурда маршурттук унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, тергөө амалдары жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД