Диний окуу жайлардын кызматкерлерине милиция семинар өткөрдү

Диний окуу борборлорунда эмгектенген кызматкерлерге экстремизмдин алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы №394 токтому менен бекитилген 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу жана 2021-2026-жылдарга мамлекеттин диний чөйрөдөгү концепциясынын пландарынын тийиштүү пункуттарын аткаруу максатында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте Кыргызстандагы Ислам универиситетинде Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы диний окуу борборлорунда эмгектенген 50 айым кызматкерлерине "Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар жана экстремизмдин алдын алуу" темасында семинар өткөрдү.

Аталган семинарда Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЭММКАКнын улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери милициянын полковниги Манас Аманбаев Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы диний окуу борборлорунда эмгектенген айым кызматкерлерине лекция окуу менен тийиштүү агартуу, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Мындан сырткары өткөрүлгөн тема боюнча катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооптор берилип, ИИМдин ЭММКАК тарабынан ар түрдүү темада даярдалган 250 буклет таратылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД