КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 17-июнда Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форумдун ишине катышат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрлер кабинетинин башчысы "Евразиялык экономикалык биримдик: интеграциянын жаңы сапаты" панелдик сессиясында сөз сүйлөйт.
Форум алкагында Акылбек Жапаров бир катар компаниялардын жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт.
Маалымдама: Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форум туруктуу өнүгүүнү камсыздоо максатында глобалдык экономиканын негизги маселелерин талкуулоо жана алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаларды жана компетенцияларды алмашуу үчүн эл аралык аянтча болуп саналат.