Кыргызстанда термобайпактардын алгачкы өндүрүшү ишке кирди

Socks Master компаниясы USAIDдин "Конкуренттүү ишкана" долбоорунун өнөктөштүгү менен термо жана спорттук байпактарды чыгара баштады. Бул тууралуу USAIDдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аталган уюм өндүрүш үчүн заманбап жабдууларды сатып алууга жардам берди. Компания буга чейин дагы чыгармачыл дизайны менен кеңири таанылган Lucky Socks байпактарын чыгарып келген. Эми алар футбол, теннис, бокс, күрөш жана чуркоо сыяктуу спорттун ар кандай түрлөрү үчүн термо жана спорттук байпактарды чыгарат. Байпактар импорттук продукцияга салыштырмалуу арзан болору күтүлүүдө.

"Башкы максатыбыз - өз өндүрүшүбүздү баштап, импорттук көз карандылыктан арылуу эле. Биз дагы дүйнөлүк стандарттарга шайкеш, сапаттуу өнүм чыгарып, чет элдик продукция менен атаандаша аларыбызды кыргызстандыктарга көрсөткүбүз келди", - дейт Lucky Socks компаниясынын негиздөөчүсү Кундуз Асаналиева.

Өндүрүштө жогорку сапаттагы сырьё жана премиум класстагы пахта гана колдонулат. Компания байпактарын адистештирилген спорт дүкөндөрүнө жеткирүүнү пландаштырууда.

Учурда өндүрүштө 40 адам иштейт. Жакынкы аралыкта компания дагы 15 жумушчуну алууну пландап жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД