Бишкекте экинчи акысыз коворкинг борбор ачылды

Бишкекте №9 шаардык китепкананын базасында экинчи коворкинг борбор ачылды.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, борборду ачуу максаты активдүү таланттуу жаштарды колдоо, санариптик жана инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана жарандарды китепканаларга тартуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, коворкинг борборунда болуу бекер, ал жактан тренингдерди, курстарды жана жумушчу жолугушууларды өткөрүүгө болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД