Милициянын кайгуул кызматы автомектептерди текшерүүдө

Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү автомектептерди текшерүүгө алууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү "Унаа" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарында жайгашкан "Форсаж сервис", "Чистая дорога", "Авто Плюс", "УСТА" , "Союз водителей" өңдүү жана башка автомектептерди текшерүүгө алууда.

Анда айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн окуп жаткан курсанттардын сабакка толук кандуу катышуусу, теориялык жактан алган билимин практика жүзүндө көрсөтүп, атайын унаа айдоого чыгуусу жана курсанттар үчүн авто мектептердеги шарттардын талапка ылайык келүүсүн текшерүүгө алууда.

Айта кетсек азыркы учурда кайгуул кызматкерлери массалык маалымат каржаттары менен биргеликте айдоочулардын жол эрежелерин канчалык деңгээлде билээрин жана кайсыл жылы кайсыл авто мектепти бүткөндүгүн, айдоочулук күбөлүктү кайсыл авто мектептен алгандыгын билүү үчүн атайын сурамжылоолорду жүргүзүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД