Нарын милициясы көчмө кабылдама менен айыл аймактарды кыдырууда

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери атайын графиктин негизинде милициянын көчмө кабылдамасы аркылуу айыл аймактарды кыдырып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, анда элдин көйгөйлүү маселелерин жеринен угуп, ар кандай ой-пикирлер ортого салынып, кеңири баарлашуу жүргүзүлүп, айыл тургундарынын суроо талаптарына жеринен жооптору берилип, көмөк көрсөтүлдү.

Мындан тышкары жай мезгили келип эс алуучу жайларда эс алуучулардын саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу жарандардын коопсуздугун сактоо максатында эс алып жүргөндөргө кооптуу болгон аймактардан, агын суулардан жана ар кандай кырсыктардан оолак болуу үчүн профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле жер-жерлерде сырттан келген туристерди, конокторду тоскон жарандарга да милиция тарабынан ар тараптуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алардын коопсуздугун кароо жагы да эскертилди.

Эске салсак, бүгүнкү күндө облус боюнча Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор жана Нарын райондорунда милициянын көчмө кабылдамасы калкка кызмат кылуу үчүн өз ишин улантып, элге сервистик тейлөөлөрдү көрсөтүп элдин милицияга болгон ишенимин көтөрүү максатында ар кандай иш-чараларды уюштуруп, коомдук коопсуздукту сактоо жана кылмыштуулукту болтурбоо үчүн жер-жерлерде кызмат кылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД