Борбор калаанын Ак-Тилек конушундагы №26 китепканада "Менин жайкы каникулум китепканада" деген аталыштагы китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, көргөзмөгө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 7 жаштан 12 жашка чейинки балдар катышып, экскурсия менен коштолду.
Коноктор балдарга арналган адабияттар менен таанышып, өздөрү тандаган китептерди окушту.
Балдардын руханий, акыл-эс жоопкерчилик, тил байлыгынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүү максатында улуттук оюндар "Аркан тартыш ", "Жоолук кимде оюну", "Ак-терек көк-терек" оюндары тууралуу маалымат берилип, китепкананын аянтында оюн менен жыйынтыкталды. Жеңген командага белектер ыйгарылды.
Бүгүнкү экскурсиянын максаты балдардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу жана аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдарды колдоо болуа саналат.
Бул иш-чараны жумасына 2 жолу 2 сааттан өткөрүү пландалууда.