ИИМ: Маалым кат берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр акысыз көрсөтүлөт

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы №86 буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндөгү "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Баткен облусунун калкына 2022-жылдын 15-мартынан баштап Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылып- тартылбагандыгы, соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат берүү түрүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр ыкчам түрдө акысыз көрсөтүлөт.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул кызматтар Баткен ОИИБнын, Лейлек, Кадамжай РИИБдеринин жана Сүлүктү, Кызыл-Кыя ШИИБдеринин имаратында "Бирдиктүү терезе" тартибинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору бар. Жогоруда аталган ар бир борбордо жарандарга жеңилдиктерди жаратуу максатында төлөмдөрдү кабыл ауучу "POS-терминал"аппараттары орнотулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД