Абитуриенттердин эсине! ЖРТнын III этабына каттоо 23-июнга чейин жүрөт

Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) III этабына каттоо 15-июндан 23-июнга чейин жүрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, 2022-жылы ЖРТга катышпаган абитуриенттер каттоодон өтүп, тест тапшыра алат.

"Эгерде абитуриент 2022-жылы каттоодон өтүп, бирок, ар кандай себептер менен тестке катыша албай калган болсо кайрадан каттоодон өтүүгө тийиш. Мындай абитуриенттер тестке кирүү талонун жана өздүгүн күбөлөндүргөн документин алып келүүгө милдеттүү", - деп айтылат маалыматта.

2022-жылы Жалпы республикалык тесттен четтетилген (дисквалификация болгон) абитуриенттердин каттоодон өтүүгө укугу жок.

ЖРТнын III этабына каттоо (кайрадан каттоо) төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:

Бишкек шаарында - №24 мектеп-гимназиясында: Тыныстанов көч., 110;

Ош шаардык билим берүү бөлүмүндө (Ош шаары, Ленин көчөсү).

Тест 24-25-июнь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД