Бишкектен Балыкчыга поезд каттай баштады. Билет баасы чоңдор үчүн 150 сом

Бүгүндөн тарта Бишкектен Балыкчыга жүргүнчү поезди каттай баштады. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Бишкектеги станциядан Рыбачье станциясына 142 жүргүнчү барды. Бишкек-2 – Рыбачье жүргүнчү поезди 57%га толгон.

Эскерте кетсек, Бишкек-2 - Балыкчы багытындагы өлкө ичиндеги жүргүнчү поезди 17-июндан 17-июлга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү, ал эми 18-июлдан 31-августка чейин күн сайын каттайт.

"№608 "Бишкек-2 – Балыкчы" поезди Бишкектен саат 07:40та чыгып, Балыкчы станциясына саат 11:42де жетет, ал эми № 609 "Балыкчы – Бишкек-2" поезди Балыкчыдан саат 17:48де чыгып, Бишкекке 21:50дө келет", - деп айтылат маалыматта.

Билет баасы чоңдор үчүн 150 сом, балдар үчүн 73 сомду түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД