Бир жума мурун Чоң Чүй каналына түшүп кеткен аялдын сөөгү табылды

Чоң Чүй каналына 12-июнда 37 жаштагы И.Е. аттуу аял чөгүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 19-июнда жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 11 куткаруучу тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында саат 13:05те маркумдун сөөгү куткаруучулар тарабынан Чоң Чүй каналынан табылган.

Сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД