Улуттук банк 51,4 млн доллар сатып алды

Кыргызстандын Улуттук банкы 17-июнда интервенция жасап, валюта рыногунан 51 млн 440 миң доллар сатып алды. Бул тууралуу КР УБнын расмий сайтында айтылат.

Улуттук банк жыл башынан бери долларды сатып алуу боюнча 11 интервенция жүргүзсө, анын бешөө чет элдик валютаны сатууга багытталган.

Доллардын расмий курсу 1 доллар үчүн 79,50 сом болсо, коммерциялык банктарда орто эсеп менен 80 сомду түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД