Жаңы конуштарда 2 саат ичинде жол эрежесин бузган 183 айдоочу кармалды

2 саат ичинде борбор калаанын жаңы конуштарында жол эрежесин бузган айдоочуларга эреже бузуусуна жараша,183 протокол түзүлүп, 5 автоунаа айып короого киргизилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кайгуул кызматы тарабынан жаңы конуштарда рейд өтүп жатат.

Азыркы учурда милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын тегерегиндеги Калыс-Ордо, Ак-Босого, Ак-бата, Келечек, Кара-Жыгач, Рухий-Мурас, Ак-Өргө, жана Арча-Бешик жаңы конуштарында коомдук тартипти орнотуу, ичимдикке, баңгиликке жол бербөө жана башка ар кандай укук бузуулардын алдын алуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, анын ичинен жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктарына жол бербөө багытында чоң масштабдуу рейддик иш-чара өтүүдө.

Рейддик иш-чара жаңы конуштардын мектеп, бала-бакча, соода-сатык өңдүү имараттардын жолго жакын жерлери эске алынып, кайсыл жерде ичимдик, уурулук, өңдүү кылмыштуулук фактылары көп катталган жерлер текшерүүгө алынат. Рейд учурунда ар кандай кылмыштуулукка шектелген жарандар жакынкы милиция бөлүмдөрүнө жеткирилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД