Алмазбек Исаков: "Бүгүн-эртең эскертүү беребиз. Кийин катуу чара көрөбүз!"

Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматында башкармалыктын башчысы Алмазбек Исаковтун төрагалыгынын астында шаардык транспорт башкармалыгы, коомдук транспорттордун фирмаларынын жетекчилеринин жана бригадирлеринин катышуусунда Маршурттук унаалардын катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алуу багытында ыкчам кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешмеде Алмазбек Исаков төмөнкүлөрдү айтты:

-Жыл башынан бери 5 айдын ичинде жүргүнчүлөрдү ташыган маршурттук унаалардын айдоочуларынын күнөөсү менен 66 жол кырсыгы катталып, 134 жаран жаракат алып, тилекке каршы 2 жаран көз жумган. Келип чыккан жол кырсыктарынын көпчүлүгү маршурттук унаалардын айдоочулары кардар талашып, каттуу ылдамдык менен айдап, бурулуу, токтоо, жүргүнчүлөрдү салып түшүрүү, экинчи-үчүнчү катарлардан жүргүнчү салуу өңдүү жол эрежелерин так сактабагандыктан келип чыгууда. Ошондой эле катуу ылдамдык менен келип, капталдан чыга койгон унаалар менен сүзүшүп, бир эле маршурттук унаадан 8-10 жургүнчү жабыркап калган фактылар катталып жаткандыгын эскертти.

№ 133 маршурттук каттамдын өкүлү:

-Жол тыгыны учурларда айрыкча кечки 5тен 8ге чейинки аралыкта, көчө кесилиштерин жана аялдамаларды кайгуул кызматы карап беришсин. Ошондой эле кошумча коомдук транспорт токтоочу аялдамаларды курууна сунуштаар элек.

Алмазбек Исаков:

- Негизи аялдамалар 15-20 метрге чейин жасалган. Бирок көпчүлүк маршурттук унаалар аялдаманын ортосуна же соңку таза жерине токтобой, кардар талашып, аялдаманын башталышына токтоп жүргүнчүлөрдү саласыңар, ошол себептүү да артыңарда жол тыгындары пайда болуп, кээде жол кырсыгынай чейин алып барган фактылар катталууда.

№129 маршурттук каттамдын өкүлү:

- Төкөлдөштүн ичинде Менделеев жана Октябрский көчөлөрүндө жасалма тегиз эмес дөңчөлөр (Лежачий полицейский) 13чү орнотулган. Ар жүз метр сайын десек болот. Ал жерде коопту делген бала-бакча же мектеп деле жок. Мүмкүнчүлүк болсо алдырып берсеңиздер.

Алмазбек Исаков:

- Биз болгону экөөсүнө кана уруксат бергенбиз. Текшерели. Эгерде өз алдынча орнотулган фактылар байкалса, транспорт башкармалыгы менен карап чыгып тийиштүү чечим кабыл алабыз.

"Лига" маршруттук фирманын өкүлү:

-Алмазбек Карыпович сизден өтүнүч Маршурттук каттамга чыккан каттамдардын баарын текшерүүгө алсаңыздар. Анткени бир бригада да катталган 20 маршурт болсо, каттамда (линияда) 25 маршурт жүргөн учурлары болот. Мындай көрүнүш башка маршурттук каттамдардын кардарларын тартып алып, бирөөнүн нанын тартып алган менен барабар болуп жатат.

Алмазбек Исаков:

- Баарыңыздардын сунуш-пикириңиздерди кабыл алып, талдап чыгабыз. Ошол эле учурда биздин талаптарды да эске алып жол эрежелерин сактоого чакырабыз. Сиздер айтып жаткан сиздерге тоскоолдук жараткан такси унааларын көргөн учурда биздин 0509102 122 вотсап номурубузга тартып жөнөтсөңүздөр болот. Айрыкча жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактаңыздар, Жолдо жүрүүдө шашпаңыздар. Бүгүн эртең профилактика иретинде эскертүү беребиз. Андан ары жүргүнчүлөрдү ташыган маршурттук унаалардын жол эрежелерин одоно бузган фактылар катталган учурда мыйзамга ылайык каттуу чара көрөбүз. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу биз үчүн өтө маанилүү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД