Быйыл 80 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алат

2021-2022-окуу жылында "Алтын тамга" мамлекеттик аттестациянын жыйынтыгы боюнча 80 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алуу укугун ырастады.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, алар төмөнкү облустардан жана шаарлардан келген мектеп окуучулары:

Баткен облусу - 3 окуучу;

Бишкек шаары - 37 окуучу;

Жалал-Абад облусу - 11 окуучу;

Нарын облусу - 1 окуучу;

Ош шаары - 3 окуучу;

Ош облусу - 15 окуучу;

Талас облусу - 3 окуучу;

Чүй облусу - 1 окуучу;

Ысык-Көл облусу - 6 окуучу.

Техникалык комиссия кайрылууларды карап чыккандан кийин, 16-июнда аттестациянын жыйынтыгы бекитилди.

Билим берүү жана илим министрлиги Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологияларынын улуттук борборуна быйылкы тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча "Алтын тамга" жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын механизмдерин өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД