Кыргызстандык зыяратчылар Мединадан Меккеге жөнөштү

Бүгүн, 20-июнда Кыргызстандык зыяратчылар Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарынан Мекке шаарына жөнөштү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 16-июнда Бишкек - Медина багыты боюнча Медина шаарына келишкен, бүгүн, 20-июнда ыйык Мекке шаарына сапар алышты. 405 жаранды 8 ажы башчы жана дарыгер тобу коштоп кетүүдө.

Эске салсак, 22-июнь күнү Бишкек - Медина багыты боюнча акыркы каттам Медина шаарына келмекчи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД