Кара-Сууда ишкерлерге кол салуу үчүн катылган ок атуучу куралдар табылды

Оштун Кара-Суу районунда ишкерлерге кол салуу үчүн катылган ок жана куралдар табылды..

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, июнь айынын башында Кара-Суу районунда ок атуучу куралдар салынган баштык бекитилгени тууралуу ыкчам маалымат алынган. Курал жеке ишкерлерге каракчылык жана куралдуу кол салуу үчүн арналганы айтылат.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 13-июнда Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында курал жана ок-дарылар сакталган жай табылды.

Аталган аймакты текшерүүнүн жыйынтыгында баштыктын ичинен төмөндөгүлөр табылган:

- 1 даана (кесилген) жылмакай мылтык;

- 1 даана идентификациялык номерлери өчүрүлгөн револьвер;

- 13 даана ар түрдүү калибрдеги ок-дарылар.

Учурда тергөөнүн толуктугун жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД