Киши уурдоону жана өлтүрүүнү уюштургандар кармалды

Баткен облусунун жашоочусун уурдоону жана өлтүрүүнү уюштурган жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ыкчам маалымат боюнча Баткен облусунун жашоочусу акча каражатын алуу максатында жаран М.Ж. уурдоону жана өлтүрүүнү уюштурган.

Кылмышкер өзүнүн тааныштарына эки миллион сом үчүн кылмыштуу буюртманы аткарууну сунуштаган. Бирок, бул кылмыштуу ой ыкчам кызматкерлерге маалым болгондон кийин, андан аркы окуя алардын көзөмөлүнүн алдында ишке аша баштаган.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча түштүк бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Баткен облусунун Кадамжай районунда жашаган адамды жасалма уурдоону уюштурушкан. Андан соң, уурдалган адамдын сүрөтүн укукка каршы аракеттин уюштуруучусуна көрсөтүшкөн. Дыкат жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ыкчам кызматкерлер уюшкан кылмыштуу топтун бардык мүчөлөрүн кармашкан. Кармалган шектүүлөр: уюштуруучусу мурда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип бир нече жолу соттолгон 1957-жылы туулган П.А., буюртманы аткаргандар 1979-жылы туулган Р.А. жана мурда бир нече жолу соттолгон Т.А.. Шектүүлөрдөн баңги каражаты табылып алынган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренесинде (Кылмышка даярдык көрүү) жана 165-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6,8-пункттарында (Төлөм алуу же болбосо башка жеке кызыкчылык максатында алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан адамды уурдоо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган жарандарга карата сот тарабынан эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Учурда алар Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД