Кеминде инисин өлтүргөн деп агасы шектелүүдө

Кеминде агасы инисин өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 19-июнда Кемин райондук милициясына жергиликтүү тургун кайрылып, анын кошунасы бир нече күндөн бери үйүнөн көрүнбөй калгандыгын билдирген.

Көрсөтүлгөн дарекке милиция кызматкерлери барып, үйдөн 1992-жылы туулган Б.С. аттуу жарандын сөөгүн табышкан. Кароо учурунда анын дене жаракаттары аныкталып, киши колдуу болгондугу такталган.

Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин киши өлтүрүү беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, маркумдун аталаш агасы 1979-жылы туулган Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайыга камакка алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД