Анжелика: "Арген ак көңүл, чынчыл бала эле... Карыздарын кечирдим!"

Кечээ, 21-июнда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиеванын уулу Арген каза болгон.

Ырчы Анжелика инстаграм баракчасына Арген тууралуу төмөнкүлөрдү жазды:

"Аллах таалам билип, билбей кылган күнөөлөрүн кечирсин. Жайың Жаннаттан берсин Жаназасына бара албайм. Ошон үчүн Аргендин карыздарын кечирдим", - деген ал өз билдирүүсүндө.

Анын бул постун "карызыңды кечсең аны эмнеге элге жар салып жатасың" деп кескин сындагандар болду. Андан соң ырчы кайрадан төмөнкүдөй билдирүү жазып, аларга жооп кылды:

"Аллах көрүүчү жана билүүчү. Жүрөгүм менен кимди кечирип, кимге дуба кылганымды билет. Бир гана Алла Тааламдын ыраазычылыгы үчүн бул жашоодо көп жакшы нерселерди жасай берем".

Андан соң Арген тууралуу да пост жазып, анын ата-энесине көңүл айтты:

"Таалай байкеге, Айчүрөк эжеге терең кайгыруу менен көңүл айтам. Аргендин жайы Жанаттан болсун! Абдан ак көңүл, боорукер, чынчыл эле... Куран окуп, Аллахка кайрылалы. Мусулман бир тууганым эле, бала кезде чогуу ойноп, бир сахнада ырдап, бактылуу балалыкты чогуу өткөргөнбүз. Ишене албай турам..."


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД