Бишкекте мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы башталат

27-июнда мектепке электрондук кабыл алуунун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кабыл алуу саат 9:00дө башталат.

"Ушул мезгилден баштап ата-энелердин жашаган жерине карабастан бош орундар бар мектептер ачылат", - деп айтылат билдирүүдө.

Мэриядан белгилешкендей, буга байланыштуу мектептин микроучастогунда жашаган ата-энелер мыйзамдуу жашаган жери боюнча каттоодон өтүшү керек, ал эми "Мектепке электрондук кабыл алуу" АИСке катталган ата-энелер, эгерде бар болсо, жеке кабинети аркылуу мектепти алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Эскерте кетсек, каттоо https://mektep.edu.gov.kg/ сайтында жүргүзүлөт.

Техникалык колдоо номерлери: +996 (312) 98 89 40, 119.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД