Ысык-Көлдө баңги затын колдонуп унаа башкарып жүргөн айдоочу кармалды

Ысык-Көлдө иш сапары менен жүргөн кайгуул кызматкерлери тарабынан баңги заттарды колдонгон айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкектен Ысык-Көл облусуна иш сапары менен жүргөн кайгуул кызматкерлери рейддик иш-чараларын өткөрүп жаткан учурда, "Тойота Камри" үлгүсүндөгү авто унааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

Кызматкерлер айдоочунун керектүү докумменттерин текшерүү учурунда, 1995-жылы туулган А.К. аттуу айдоочу авто унаасынын алдыңкы терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан. Ошондой эле 40 000 сомдон ашуун төлөнбөгөн айып пулдары бар экендиги жана авто унаа башкаруу учурунда баңги заттарды колдонгондугу аныкталган. Бир эле учурда үч укук бузуу фактысы аныкталган. Кызматкерлер тарабынан текшерүү жана протокол түзүү учурунда айдоочу тарабынан баш ийбөөчүлүк көрсөтүлүп, урушууга чейин барышкан.

Аягы наркология бөлүмүнөн өткөрүлүп, тйиштүү протоколдор толтурулуп, авто унаасы айып короо жайына токтотулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД